13.09.2018 16:34

Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү жаран 10 жылга жатак абакка кесилди

Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү жаран 10 жылга жатак абакка кесилди

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакированын өлүмүнө айыпталып жаткан жаран 10 жылга жатак абакка кесилип, маркумдун жакындарына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу маркумдун апасы Насипа Мамбеталиевага таянып, super.kg порталы жазып чыкты. 

Маалыматта «Буга чейин кылмышка шектүү кырсыкка кабылып, анын натыйжасында Сания Шакирова каза болуп калганын моюнга алганы менен, унаа айдап бара жатканда ичимдик ичпегенин айткан. Ал эми бүгүн мас абалында рулга отурганын ырастап, күнөөнү моюнуна алган», -деп жазылат.

Эске салсак, каргашалуу кырсык 2-июнда Балыкчы-Каракол унаа жолундагы Чок-Тал айылынын кире беришинде катталган. Сания Шакирова жана дагы бир жүргүнчү түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Кесепетинде, Карабалта шаарынын тургуну «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова алган жаратынан улам жеринде мерт кеткен.